• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эртең "Бишкек-Кара-Балта" поезди бир күнгө убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Эртең, 1-июнда жүргүнчүлөрдү ташыган "Бишкек-Кара-Балта" поезди бир күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, “Кара-Балта-РЗД-141” темир жолу тилкесиндеги ремонт иштерине байланыштуу №6059/6060 жана №6061/6062 "Бишкек-Кара-Балта" поезди убактылуу токтотулмакчы.

"2-июнда поезд каттамы график боюнча иштей баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 1-июндан тартып Ала-Тоо (Сокулук району) жаңы конушуна поезд токтоочу жайы ачылды. Бул Бишкек-I жана Сокулук бекеттеринин аралыгында.

Пикир

Оставить комментарий