Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Эртең, 20-июнь күнү жүргүнчүлөрдү ташыган "Бишкек-Кара-Балта" поезди бир күнгө ишин токтотот. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Ишканадан билдиришкендей, "Кара-Балта-РЗД-141" темир жолу тилкесиндеги оңдоо иштерине байланыштуу №6059/6060 жана №6061/6062 "Бишкек-Кара-Балта" поезди убактылуу токтотулмакчы.
"21-июндан тартып аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт"- деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий