Эртең Бишкекте 4-5 жаштагы гимнасттардын мелдеши башталат

Спорт 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Бишкекте көркөм гимнастика жана эстетикалык топтук гимнастика боюнча "Алтын жалбырактар" күзгү квалификациялык мелдеши өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирет.

Спорттук иш-чара 28-30-октябрда "Фэмили спорт" спорт клубунда өткөрүлөт.

Көркөм гимнастика боюнча мелдештерге 300дөн ашуун алты жаштан жогору гимнасттар катышат. 4-5 жаштагы гимнасттар бул мелдеште "биринчи старт" деп аталган предметсиз көнүгүүлөрү менен чыгышат. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген эстетикалык гимнастика командалары ар кандай программаларда жана курактарда квалификациялык өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

"Сүрөтчү" гимнасттары үч күн бою өнөрлөрүн көрсөтөт. Эстетикалык топтук гимнастика боюнча командалардын өнөрү 29 жана 30-октябрга пландаштырылган.

"Алтын жалбырактар" турнири Кыргызстандын көркөм гимнастика федерациясы жана Кыргызстандын эстетикалык топтук гимнастика федерациясы тарабынан өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий