• 87
  • 90.59
  • 0.87

Эртең Бишкекте белгилүү хирург Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Эртең, 26-ноябрда Бишкекте белгилүү хирург жана окумуштуу, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, акыркы сапарга узатуу иш-чарасы саат 11:00дө Улуттук хирургия борборунда болот.

Белгилей кетсек, күн мурун 97 жаш курагында Мамбет Мамакеев каза болгон. Ал 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Ак халатчан 70 жылга жакын иш тажрыйбасында 30 миңден ашык операция жасаган. 120 ашык илимий эмгектердин (анын ичинен 8 монографиянын) автору.

Пикир

Оставить комментарий