Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. 31-августта Бишкек шаарында коомдук транспорт убактылуу схема менен каттайт. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет
Шаардык транспорт башкармалыгы билдиргендей, 31-агустта Бишкекте коомдук транспорт убактылуу схема менен каттайт.
«Мындай өзгөрүү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, саат 6:00дөн 13:00гө чейин Чүй кең көчөсүндөгү кыймыл токтотулат.
Пикир
Оставить комментарий