• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Бишкекте тез жардам унааларына жолду бошотуп бербегендерге карата рейд жүрөт

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Эртең, 22-сентябрда Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарынын аймагында “Маяк” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрөт.

Аталган кызматтан билдиришкендей, рейддик иш-чаранын негизги максаты маяк жана бийик үн чыгаруучу каражат менен бара жаткан тез жардам унааларына жөнөкөй автоунаалардын жол бошотуп, алардын шашылыш учурунда ыкчам жана тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоо.

Рейддик иш-чара тез жардам унаасынан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унааларына жана Ички иштер органдарынын ыкчам кызматтык унааларынын жүрүү кыймылына да жардамы тиет.

Маяк учурунда жол эрежесине баш ийбеген айдоочуларга Бузуулар кодексинин тийиштүү беренесинин негизинде айып салынаарын алдын ала эскертилет.

Пикир

Оставить комментарий