• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Көк-Жар" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 24-сентябрда саат 09:00дөн 21:00гө Бишкектин төмөнкү көчөлөрү менен чектелген аймагында суу берүү токтотулат:

- темир жол линиясы - Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу - Панфилов көчөсү;
- темир жол линиясы - Матросов көчөсү - Горький көчөсү - Гвардейский көчөсү- Бектенов көчөсү -Скрябин көчөсү - Мавлянов көчөсү - 7-Апрель көчөсү.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий