Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бүгүң Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Байтик баатыр – Элебаев – Кулатов көчөлөрү, Геологиялык чолок көчөсү – Лев Толстой – Жукеев Пудовкин (Горький көчөсүнөн төмөн) – Матросов – Ибраимов көчөлөрү менен чектешкен жерде суу берүү өчүрүлөт.

Бул убакта "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин пландоодо.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий