• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Себеби

Коом 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Эртең, 9-июлда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, жолдор Курман айт намазына байланыштуу таңкы саат 04:00дөн 08:00гө чейин жабык болот.

Убактылуу жабык болчу көчөлөрдүн тизмеси:

- Чүй көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Жабыла турган көчө кесилиштери:

- Касым Тыныстанов көчөсү менен Абдумомунов көчөсүнүн кесилиши;

- Логвиненко, Панфилов, Орозбеков, Тыныстанов көчөлөрүнүн Чүй жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жерлери.

Кайгуул кызматы айдоочуларды аталган көчөлөрдүн кесилишине автоунааларды калтырбоону өтүнөт жана жолдорду жабуу жана тазалоо иштери таңкы саат 04:00дөн тартып башталарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий