Эртеңден тарта Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Учурда Байтик баатыр жана Иса Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 20-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Горький жана Бөкөнбаев көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Ошондой эле Байтик баатыр көчөсүнүн Ахунбаев көчөсү менен кесилиши да жабылат.

Белгилей кетсек, учурда аталган көчөнүн Токтомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт басылып, жол чийиндери чийилип бүттү.

Бишкек шаарынын мэриясы жол жабылганына байланыштуу коомдук транспорттун кыймылы кандай өзгөргөнү тууралуу кошумча маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий