Бишкек, 08.11.19. /Кабар/. Эртең, 9-ноябрь күнү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Кыргызстандын футбол курамасы Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Оюн Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда өтүп, Бишкек сааты боюнча 18:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Дүйнө биринчилиги (2022) жана Азия Кубогуна (2023) тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасы кийинки апталарда – 14-ноябрда Япониянын курамасы, 19-ноябрда Тажикстан менен ойнойт. Эки оюн тең Кыргызстанда өтөт.
Учурда алдыда боло турган оюндарга билеттер сатыла баштаган.
Пикир
Оставить комментарий