Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. Эртең, 5-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27,
Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17,
Нарын облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17,
Эртең, борбор калаабыз Бишкек шаарында 5 жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүзү 25…27 градус ысык болот.
Пикир
Оставить комментарий