• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эс алуучулар сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Кара жыгач токоюнун аймагында Комсомол көлү жайгашкан. Аталган көл саат 9:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Жай мезгили көл жээгинде эс алууга жана сууда сүзүүгө эң сонун убакыт.

Мэрия Комсомол көлүндө сүзүү үчүн эс алуучулар коопсуздук эрежелерин так сактоо керектигин эскертти.

Эске тутуп алчу эрежелерди билип алыңыз:
- балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек;
- үйлөнмө тосмолордун артында сүзбөңүз;
- мас абалында сүзүүгө болбойт;
- балаңызды сууга жакын жерде кароосуз калтырбаңыз;
- кайыктардын жанында сүзүүгө же моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат;
- булут каптаган же шамал болгон учурда сүзүүдөн этият болуңуз.

Мындан тышкары, Комсомол көлүнүн аймагында алкоголдук ичимдиктерди ичкендерге КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127-беренесине ылайык, 1000 сом өлчөмүндө айып салынат же 20 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартылат.

Пикир

Оставить комментарий