• 87.86
  • 93.94
  • 1

Эс тутумду жакшыртуучу азыктар

Дүр дүйнө 0

Суу. Мээнин 90 пайызы суудан турат. Ошондуктан организмде суюктуктун азайышы мээ үчүн да өтө терс таасирин тийгизет. Буга жол бербей, мээнин иштөөсүн жакшыртуу үчүн күнүнө 8 стакан суу ичүү керек. Таттуу газдалган суусундук, кофе жана энернетиктер организмден сууну чыгарын эске алуу керек. Эгерде буларды ичкен болсоңуз, анда сууну көп ичиңиз.

Розмарин. Бул чөптө антиоксидант жана карнозин кычкылы көп. Алар тамырларды кеңейтип, кан айланууну жакшыртып, натыйжада эс тутумду жогорулатат. Окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрү эстеп калуу жөндөмдүүлүгүнө жада калса розмариндин жыты таасир берерин аныкташкан.

Лимон. Чайга кошулган лимон кесими эс тутумду жакшыртууга жетиштүү. Кептин баары унутчаактыктын алдын алып, жакын арада керек нерселерде мээде сактоого жардам берет.

Кызгылт көк жүзүм. Башка дагы кызгылт көк мөмөлөр - табигый антиоксиданттар. Алар мээге маалыматты сактап жана кайра иштетүүгө жардам берет. Антиоксиданттар мээ клеткаларынын азыктануусун жакшыртат жана аларды бузулуудан сактайт.

Деңиз капустасы. Деңиз капустасы йодго бай. Ал эми бул элемент биздин мээбизге абдан керек. Ал акылдын тунуктугун жана IQ жогорулатат.

Бал. Глюкоза мээнин иштешине оң таасир берет. Ал балда жана кургатылган мөмөлөрдө, данектерде көп болот. Ошондуктан бир кашык бал менен данекти эртең менен жесеңиз мээнин иштешине пайдалуу.

Пикир

Оставить комментарий