Эсеп палатасынын Кеңеши отурум өткөрдү - текшерүүлөрдүн жыйынтыгы каралды

Экономика 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Бишкекте Эсеп палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Отурумга Кеңештин мүчөлөрү – төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Ишенбек Медетов, Акылбек Түмөнбаев жана Зарылбек Сатаев, Эсеп палатасынын аппаратынын кызматкерлери жана текшерүү жүргөн мекемелердин жетекчилери катышкан.

Отурумда "Улуттук электр тармактары" ААКсынын 2017-жылдагы, Каржы рыногун тескөө жан көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2016-2017-жылдагы, "Эркин-Тоо" гезитинин 2015-2017-жылдагы, "Кыргыз Темир Жолу" Улуттук компаниясы" ишканасынын 2016-2017-жылдагы ишмердигинин аудитинин жыйынтыктары каралган. Ошондой эле Уюмдарды инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин (АРИС) насыя жана гранттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча аудитинин материалдары талкууланган.

Белгилей кетсек, аудиттердин жыйынтыктары тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилип, Эсеп палатасынын расмий сайтында - www.esep.kg жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий