Эсептөө палатасы Ош шаардык бюджетинде 945 млн сомдук каржы бузууну аныктады

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Жакында Эсептөө палатасынын кеңешинин отуруму өтүп, башка маселелер менен катар 2022-жылга Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында каржы бузуулардын жалпы суммасы 945 млн 816 миң сомду түзгөн, анын ичинен 395 млн 564 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 110 млн 98 миң сом.

Анын ичинен:

  • бюджеттин долбоору менен бир эле убакта түзүлүүчү бюджеттин долбоорун жана документтерди түзүүдөгү бузуулар – 23 млн 479,6 миң сом;
  • КР бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар – 8 млн 515,3 миң сом;
  • КР бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу – 3 млн 630,6 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюдежттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар – 2 млн 19 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) – 80 млн сом;
  • КР бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер – 2,9 миң сом;
  • мүлктү сактоонун камсыздалбашы – 287 млн 596 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 13,3 миң сом;
  • бюджеттик отчеттуулукту түзүү эрежелерин бузуу – 527 млн 713 миң сом;
  • мыйзам менен белгиленген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жол-жобосун жана талаптарын бузуулар – 12 млн 396,7 миң сом;
  • башка процедуралык бузуулар – 402,4 миң сом.

Жалпысынан 10 мамлекеттик сатып алуулар тармагында жол-жоболук мыйзам, 6 бюджеттик отчеттуулукту түзүү эрежелерин жол-жоболук бузуу жана 9 башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий