• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Эсептөө палатасы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча агенттикте аудит жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. 2023-жылга карата Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, аудиттин жыйынтыгында агенттиктин иши бир катар жагдайларды кошпогондо, жалпысынан укуктук актылардын талаптарына шайкеш келээри аныкталды.

2023-жылы мекеме 552,7 миң жолу транспорт каражаттарын каттоодон өткөргөн. Текшерүү учурунда 133,1 миң биринчи каттоолор жүргүзүлгөн. Анда төлөмдөрдөн сырткары кардарлардан транспорт каражатын каттоого 264 сом, ал эми атайын технологиялык транспортторду каттоо үчүн 195 сом өлчөмүндө акча каражаты ашыкча алынган.

Жыйынтыгында транспорт каражаттарын биринчи каттоо учурунда, транспорт каражатын каттоо деп жалпы 2023-жылы 34 236,5 миң сом кардарлардан ашыкча алынгандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле "Транспорт каражаттарынын регистри" автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматы боюнча, биринчи каттоодон кийин бир күндүн ичинде кайра каттоодон өткөн транспорт каражаттарынын саны 32 миң 662 даананы түзгөн. Анын ичинен 28 320 транспортту кайра каттоо учурунда кароо же болбосо визуалдык текшерүү жана фотофиксация өткөрбөстөн биринчи каттоо учурундагы кароонун негизинде дагы бир жолу кароодон өттү деп кардарлардан 7 312,5 миң сом негизсиз алынгандыгы аныкталды.

Мындан тышкары Эсептөө палатасынан кошумчалашкандай, 2023-жылы теориялык экзамендерге 533 миң 413 талапкер катталса, практикалык экзамендерге 180 миң 749 талапкер катталган. Теориялык экзамендерди 72 368 талапкер гана ийгиликтүү тапшырган, бул жалпы тапшырган талапкерлердин 13%ын гана түзөт. Бул көрсөткүч талапкерлердин даярдыгынын төмөн деңгээлин жана айдоочулук курамды окуткан окуу жайларында талапкерлерди өтө төмөн деңгээлде даярдаганын жана “Унаа” агенттигинин коррупция менен күрөшүүсүнүн жыйынтыгы катары белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий