• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

"Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлат

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108 жана 110-беренелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Президенттин администрациянан кабарлашкандай, бул мыйзам долбоорунда Эсептөө палатасынын укуктук статусу, ишинин укуктук негиздери жана ишинин принциптери аныкталган.

Сунуш жана пикирлерди төмөнкү дарекке жөнөтүү зарыл: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, 720033, Бишкек шаары, ул. Исанов көч., 131,

тел.: +996 312 323430; +996 312 323886; факс: +996 312 323511;

е-mail: esep@esep.kg.

Пикир

Оставить комментарий