Эсептөө палатасы Жалал-Абад шаарынын бюджетинде 4,2 млн сомдук мыйзам бузууларды аныктады

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 4 млн 228,9 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудитке Жалал-Абад шаардык Кеңеши, Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгы жана Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар камтылды. Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпысынан – 4 млн 228,9 миң сомдук финансылык четтөөлөр (бузуулар) аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 4 млн 173,1 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 1 млн 923,2 миң сом, ордуна коюлбаганы 2 млн 249,9 миң сомду түздү, бузуулардын классификатору боюнча:

– бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү боюнча,алар боюнча туумдарды жана айып пулдарды эсептө жана төлөө боюнча контролду жүргүзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөнү 772 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 50,4 миң сом ордуна коюлган;

– бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 18,9 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;

– курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу 2820,6 миң сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, аудит убагында 1331,2 миң сом калыбына келтирилген, андан бюджетке 20,0 миң сом, мекемеге 1311,2 миң сом;

– товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашкча чыгымдалышы 55,8 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (күйүүчу майлар);

– негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу 11,3 миң сом, аудит учурунда мекемеге калыбына келтирилди;

– товардык материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарды ннегизсиз чыгымдоо 5,3 миң сом, ордуна коююлган жок.

– эмгек акы, сапар чыгымы, пособие, компенсация жана башка төлөөлөрдү жүргузүүдөгу бузуулар 14,7 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө жатат, калыбына келтирилген жок;

– мамлекеттик сатып алуулардагы башка бузуулар 530,3 миң сом, бул сумма толук ордуна коюлду, анын ичинен республикалык бюджетке 117,1 миң сом, мекемеге 413,2 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий