• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кутнаева: Эски үлгүдөгү ID-картаны алмаштырууга 1 айда 51 миңден ашык арыз түштү

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Эски үлгүдөгү ID-картаны жаңысына алмаштырууга 1 айда 51 миңден ашык арыз түштү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүдөгү ID-картаны жаңы үлгүдөгү ID-картасына алмаштыруу боюнча улуттук кампаниясын баштаган. 1-июлдан 1-августка чейин жаңы үлгүдөгү паспортторду алууну каалаган жарандардын саны өстү.

“Улуттук кампания 31-августка чейин уланат. Дагы бир айга чукул убакыт бар. Андыктан учурдан пайдаланып жарандарыбызды акысыз негизде эски, сары түстөгү паспортторун жаңы паспортторго алмаштырууга чакырам”, - деди Нурия Кутнаева.

Пикир

Оставить комментарий