ЭТТК колдонуу ишкерлерге кандай артыкчылыктарды берет? Салык кызматынын жообу

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда товарларды, анын ичинде Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген товарларды, ошондой эле мунай жана мунай заттарды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Товарларды жүгүртүү Кыргызстандын аймагында товарларды сатууда, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда дүң сатууда, товарларды өлкөнүн аймагынан экспорттоодо, сатып алуучу тарабынан товарларды кайтарууда, иштетип алма чийки затты жана аны кайра иштетүү продуктуларын өткөрүп берүүдө, товарларды агенттин атынан сатуу үчүн принципал тарабынан агентке өткөрүп берүүдө, товарларды башка субъекттерге акысыз өткөрүп берүүдө бир субъекттин чегинде, же анын филиалдарынын ортосунда товарларды которуштурууда ЭТТКны милдеттүү түрдө колдонуу менен ишке ашырылат.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз – бул товар, жөнөтүүчү, алуучу, транспорт каражаты жана башка маанилүү маалыматтарды камтыган санариптик документ.

Ошондой эле "ЭТТК" маалыматтык системасы ЭТТКны тариздөөгө, аларды реалдуу режимде ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү Салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.

"ЭТТК" системасында катталуу cabinet.salyk.kg сайтындагы "жеке кабинет" аркылуу ишке ашырылат.

ЭТТКны колдонуу ишкерлерге төмөндөгүдөй бир катар артыкчылыктарды берет:

Алдамчылыктын алдын алуу: Адилетсиз операцияларды жокко чыгаруу;

Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу: Салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы байланышты минималдаштыруу;

Убакытты үнөмдөө: Жумуш процесстерин тездетүү;

Компаниялар үчүн ыңгайлуулук: Көп кеңселери бар компаниялар үчүн документтерди башкаруунун жеңилдиги;

Ыкчам жеткирүү: ЭТТКны реалдуу убакытта жеткирүү;

Юридикалык мааниси: Бардык документтердин мыйзамдуулугун камсыз кылуу;

Чыгымдарды азайтуу: Документтерди басып чыгаруу жана жеткирүү чыгымдарын азайтуу;

Жеткиликтүүлүк: Каалаган жерден документтерди түзүү жана оңдоо мүмкүнчүлүгү;

Бизнес-процесстердин ачыктыгы: Ишкерлер жана мамлекет үчүн ачыктыкты камсыз кылуу;

Бирдиктүү сактоо: Электрондук документтерди борборлоштурулган сактоо;

Ыкчам издөө: керектүү ЭТТКны табуунун жеңилдиги жана ылдамдыгы;

Документтерди коргоо: документтерди жоготуу коркунучун жана аларды калыбына келтирүү зарылдыгын толугу менен жоюу.

ЭТТК системасы бизнести башкаруу жана экономикалык операциялардын ачыктыгын камсыз кылуунун натыйжалуу куралы болуп саналат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүү башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен ишке ашырылууда.

Алсак, Казакстанда көмүскө жүгүртүүнү азайтуу жана товарлардын айрым түрлөрүн ташууну контролдоо үчүн электрондук коштомо кагаз колдонулат. Бул система Казакстандын аймагы боюнча товардын ташылып келген же өндүрүлгөн учурдан тартып керектөөчүгө акыркы сатууга чейинки кыймылын жазат.

Ошондой эле Өзбекстанда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын системасы киргизилген. Киргизүү процесси этап менен өтөт: 2024 – жылдын 1-апрелинен тартып бул системаны ири салык төлөөчүлөр колдоно башташты, ал эми 2024-жылдын 1-июлунан тартып-бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер колдонот.

Россия ийгиликтүү санариптик түрдө транспорттук коштомо кагаздарды жана жол кагаздарын өткөрүп берүү боюнча сынактык долбоору ишке ашырылган. Бул долбоордун жүрүшүндө жүк ташуу процесси катышуучулар үчүн тезирээк жана арзан болуп, мамлекет үчүн ачык-айкын болоору аныкталды. Натыйжада, 2021-жылы товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук системасын ишке киргизишти.

Пикир

Оставить комментарий