• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Экономикалык форумда Россияда кыргыз сомун алмашуу операцияларына киргизүү сунушталды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Евразиялык форумдун катышуучулары Россияда сом менен алмашуу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бүгүн Евразия экономикалык форумунун алкагында “ЕАЭБ мейкиндигинде интеграцияланган валюта рыногун түзүүнүн практикалык аспектилери” сессиясынын катышуучулары россиялык банктарга кыргыз сомун алмашуу операцияларына киргизүү сунушу боюнча маселе көтөрүштү.

Кыргызстандын Банктар биримдигинин жетекчиси Анвар Абдраев белгилегендей, ага Россияда иштеген кыргызстандыктар кайрылышкан.

“Алар Россиядагы акча алмаштыруучу жайлардан, банктардан теңге, беларусь рубли, армян драмын тапса болот, бирок сом жок экенин айтышты. Кеп ЕАЭБде улуттук валютада эсептешүүлөрдү көбөйтүү жөнүндө болуп жатканын эске алсак, башка валюталар менен катар Россиянын банктарында сом да пайда болсо туура болмок, - деди ал.

Өз кезегинде сессиянын модератору Александр Мурычев идеяны колдоп, бул сунушту Евразиялык экономикалык форумдун сессиясынын резолюциясында бекитүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий