Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. 2023-жылдын 15-февралында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңештин отурумунда күн тартибиндеги 34 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Атап айтканда, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан үчүн электрондук паспортторду берүү менен бирге өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө кагаз паспортторду берүү мүмкүнчүлүгүн 3 айга узартууну караган чечим кабыл алынды.

Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын аймагына өз муктаждыктары үчүн ташылып келинген М жана N категорияларындагы айрым автотранспорт каражаттарын ыкчам оперативдик кызматтарды алып чыгуу үчүн түзүлүштү (системаларды) орнотууга байланыштуу транспорт каражаттарына карата талаптарсыз шайкештикке баа берүү жана жүгүртүүгө киргизүү мүмкүнчүлүгүн 2024-жылдын 1-февралына чейин узартуу чечими кабыл алынды.

ЕАЭБ «Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ЕАЭБ ТР 051/2021) №5 тиркемесине балдар азыгы үчүн канаттуулар этинен жасалган продукциялардын айрым түрлөрү үчүн нитраттардын, нитриттердин жана нитрозаминдердин көрсөткүчтөрүн түзөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармек каражаттарынын биоэквиваленттүүлүгүн изилдөө эрежелерине өзгөртүүлөр бекитилди. Киргизилген өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында изилдөөлөрдүн көлөмү, изилденүүчү индикаторлор, методдорду тандоонун негиздемеси жана башка боюнча жеринде колдонуу үчүн жасалган жана гибриддик дары-дармек каражаттарынын биоэквиваленттүүлүгүн изилдөөнүн бирдиктүү эрежелерин белгилөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык бирдиктүү талаптарына жана карантиндик продукциялар тизимине продукцияларды деталдаштыруу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.

Андан соң ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү салык органдарынын ортосунда маалымат алмашуу мөөнөтүн, ошондой эле форматтык-логикалык контролдук протоколдорду алмашуу мөөнөтүн кыскартууну караган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдарынын ортосунда төлөнгөн кыйыр салыктардын суммалары боюнча электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө Протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйрукту жактырышты.

Ошондой эле ЕЭК Кеңеши «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосунда электромобилдер чөйрөсүндө долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» сунуштаманы жактырды. Документ ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 15-июлундагы «Евразиялык электробус» өнөр жайлык кызматташуунун пилоттук долбоорун ишке киргизүү боюнча тапшырмасын ишке ашыруу үчүн даярдалган.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму 2023-жылдын 16-мартында Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтөт.

Пикир

Оставить комментарий