• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

«Евразия» Кыргызстандагы мектептерди жана стадиондорду оңдоп-түзөөдөн өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Күн мурун «Евразия» уюму Баткен облусунун 25 жылдыгына карата мектептин жана стадиондун ремонтун каржылоо үчүн сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу “Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюмунун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, “Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюмунун «Евразиялык лицей» программасынын алкагында «Евразия» Бишкек шаарындагы №27 орто мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүүгө милдеттенген.


Мындан сырткары, Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев №1 атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жаңы имаратын куруу пландалууда. Эски эки кабаттуу имаратта 30дан ашык окуу кабинеттери, устакана, информатика кабинети, актовый жана спорт залдары, ашкана, китепкана оңдолот.

Ошондой эле, жанаша турган 1 гектар аянт да көрктөндүрүлүп, Раззаков шаарында борбордук стадион жана спорт залы бүткөрүлөт. Стадион 2 гектар аянтты ээлейт жана 400 м узундуктагы чуркоо аянтчасын, волейбол аянтчасын, чоң футбол аянтчасын, узундукка секирүү аянтчасын жана 1800 көрүүчүгө ылайыкталган трибунаны камтыйт.


«Биз салттуу баалуулуктарыбыздын платформасында бирдиктүү евразиялык билим берүү жана маалымат мейкиндигин өнүктүрүүнү улантып жатабыз. «Евразия» АНОнун «Евразия лицейи» программасы Кыргызстанда өз ишин баштады жана мектептерге колдоо көрсөтүү менен биз балдар өз потенциалын ишке ашырып, ийгиликтерге жетишүү үчүн билим алуу үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүп жатабыз. Бул биздин коомдун келечегине, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымыбыз», — деди Евразия башчысы жана Мамлекеттик Думанын депутаты Алена Аршинова.


Эске салсак, сентябрдын башында «Евразия» уюму менен Кыргыз Өкмөтүнүн кызматташуу келишимине кол коюшуп, анын алкагында республика салттуу баалуулуктар платформасына кошулган.

Пикир

Оставить комментарий