• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда 9 мектепти курат. Мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоого ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин билдиришти.

Белгиленгендей, мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов маалымат берип, ЕАӨБ Кыргызстанда 9 жалпы билим берүү уюмунун куруп, аларды материалдык-техникалык жактан жабдый тургандыгын айтты. Бул иштер аяктагандан кийин мектептерди ЕАӨБ өлкөгө акысыз жана кайтарымсыз негизде өткөрүп берет.

Мындан тышкары комитетте “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.

Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоору бул макулдашууну ратификациялоого багытталган, ал Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы миграциялык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү жана негизги маселелерди жөнгө салууну жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий