• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

«Евразия санариптик платформалары» сынагына билдирмелерди кабыл алуу уланууда

Өкмөт 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ишкерлеринин арасында алардын инновациялык долбоорлору сунуштала турган «Евразия санариптик платформалары» сынагына билдирмелерди кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сынак төрт номинация боюнча өткөрүлөт:

- «ЕАЭБ санариптик келечеги» - жаш иштеп чыгуучулар үчүн (стартаптар);

- «ЕАЭБ санариптик күн тартибин ишке ашыруу үчүн мыкты технологиялык чечимдер» - программалык камсыздоо, вендорлор, интеграторлор менен алектенген ири компаниялар үчүн;

- «ЕАЭБ мыкты санариптик долбоорлору» – бизнеси бир кыйла санариптик трансформациялоодон өткөн жана башка уюмдар үчүн ийгиликтүү тажрыйбага үлгү катары кызмат кыла турган ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин компаниялары үчүн;

- «ЕАЭБ санариптик күн тартиби темасында балдар жана өспүрүмдөр үчүн мыкты оюндар» – балдар жана өспүрүмдөр үчүн ЕАЭБ жана санариптик экономика темасындагы экономиканы өнүктүрүү тенденцияларын жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин мамлекеттер аралык өз ара аракеттерин жайылткан оюндарды жана симуляцияларды иштеп чыгуучулар.

Жарым финалга тандоо турунун жыйынтыгы боюнча ар бир ЕАЭБге мүчө-мамлекеттен 3төн долбоор, тагыраагы жалпысынан 12 долбоор чыгат. Кыргыз Республикасында сынактын жарым финалы 2018-жылдын 21-июлунда өтө турган «Ысык-Көл-2018» экономикалык форумунун аянтчасында өтөт.

Сынактын финалы 2018-жылдын октябрында Армения Республикасынын Ереван шаарында «Евразия жумалыгы – 2018» форумунда өткөрүлөт.

Мыкты долбоорлор ЕАЭБ санариптик күн тартибинин же Биримдиктин Интерграцияланган маалыматтык тутумунун алкагында ишке ашырылат.

Сынакка катышууну каалоочулар төмөнкү сайттан маалымат ала алышат: http://contest.eaeunion.org

Кошумча маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине (0-312) 60-50-46 телефондору боюнча кайрылууга болот.

Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү 2018-жылдын 10-июлунда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий