Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын биринчи отуруму болуп өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынан Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Адылбек Касымалиев Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын видеоконференция байланышы аркылуу биринчи отурумуна катышты.

Жыйында Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын башкаруучулар кеңешинин жана директорлор кеңешинин курамына тиешелүү маселелер каралып, жетекчилердин иш регламенти бекитилди.

Эске сала кетсек, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында (Армения Республикасы) кол коюлган.

Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы өз ара сооданын, инвестициянын көлөмүн көбөйтүүгө, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана мүчө мамлекеттерде жана үчүнчү өлкөлөрдө бизнес жана саясий тобокелдиктерден экспорттук кредиттерди (анын ичинде экспортту колдоонун бардык финансылык инструменттерин), экспортко багытталган каржылоону жана инвестицияларды кайра камсыздандыруу чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерин кеңейтүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

Компаниянын уюштуруучулары өздөрүнүн өкмөттөрүнүн атынан, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы

Компаниянын уставдык капиталы анын катышуучуларынын акцияларынын номиналдык наркынан турат жана 15 миллиард орус рублин түзөт.

Пикир

Оставить комментарий