• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Евро - 2024: Испания Францияны жеңип, финалга чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Футбол боюнча Евро-2024 чемпионатынын 1/2 финалында Испания Францияны жеңди. Оюн 2:1 эсебинде аяктап, испаниялыктар финалга чыкты.

Анда Испаниянын жарым коргоочусу Ламин Ямаль легендарлуу бразилиялык футболчу Пеленин рекордун жаңыртып, ири турнирдин жарым финалында (Евро же дүйнөлүк чемпионат) гол киргизген эң жаш оюнчу болуп калды. Футболчу 16 жаш 362 күндүк курагында Евро-2024 мелдешинин жарым финалында Франция курама командасынын дарбазасына топту таамай киргизе алды. Пеле 1958-жылдагы дүйнө чемпионатынын жарым финалында Францияга каршы беттеште 17 жаш 244 күндүк курагында голдун ээси болгон.

Эске салсак, быйылкы мелдеште Испаниянын курама командасы Хорватины (3:0), Италияны (1:0), Албанияны (1:0) уткан. 1/8 финалда болсо Грузияны (4:1), 1/4 финалда Германияны 2:1 (1:0 к.у.) эсебинде артка калтырган.

Испаниялыктар Европа чемпионатынын жарым финалына муну менен 6-ирет чыгып жатат. Испания 1964, 2008 жана 2012-жылы Европанын чемпиондугун уткан. 1984-жылы күмүш медалга татыган.

Бул ирет Европы – 2024 чемпионатынын финалында Испания Нидерланддар – Англия беттешинде уткан команда менен ойнойт. Жарым финалдын акыркы оюну 11-июлда түнкү саат 01:00дө Дортмунд шаарындагы “Сигнал Идуна Парк” стадионунда башталат. Беттешке германиялык Феликс Цвайер калыстык кылат.

Белгилей кетсек, Европа чемпионаты 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт. Турнирге 24 курама команда катышып, командалар алты тайпага бөлүнгөн. Чечүүчү беттеш 14-июлда Берлин шаарында болот.

Пикир

Оставить комментарий