• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Евро-2024. Нидерланддарды жеңген Англия финалда Испания менен беттешет

Дүйнө 0

Бишкек, 11.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалында Англия Нидерланддарды 2:1 эсебинде утту. Беттеш Дортмунддагы стадиондо орун алды.

Голландиялыктардан голду Хави Симон оюндун 7-мүнөтүндө киргизсе, англичандардан Гарри Кейн (18, пенальти) менен Олли Уоткинс (90+1) командасына жеңиш алып келди. Ошентип, Гарет Саутгейттын командасы ишенимдүү түрдө финалга чыкты.

Эми Евро – 2024 мелдешинин чечүүчү беттешинде англиялыктар испандар менен кез келет. Оюн 14-июлда Берлиндеги Олимпиада стадионунда өтмөкчү.

Евро – 2020 турниринде Англия Италияга 1:1 эсебинде, пенальтилер сериясында 2:3 менен жеңилген эле.

Белгилей кетсек, Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Ага жалпысынан 24 команда катышуу үчүн келген.

Пикир

Оставить комментарий