• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Евробиримдик билим берүүнү колдоо үчүн Кыргызстанга 7 млн евро грант бөлдү

Экономика 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. 25-октябрда Европа Биримдиги Кыргызстандын министрлер кабинетине билим берүү сектору үчүн гранттык негизде 7 млн евро, же 648,7 млн сомго жакын бюджеттик жардамды которду. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинен билдиришти.

Европа Бирлигинин колдоосу Кыргызстанда мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана жынысына, этникасына жана тилине карабастан бардык балдар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган.

ЕБ менен КР министрлер кабинетинин биргелешкен аракеттери билим берүү системасы сунуштаган көндүмдөрдү жана квалификацияларды эмгек рыногунун жана заманбап демократиялык коомдогу жашоонун муктаждыктарына шайкеш келтирүүгө багытталган.

ЕБ колдоосу Билим берүү жана илим министрлигинин илим, технология, инженерия жана математика (STEM) жаатындагы ишин колдоого, тактап айтканда, санариптик сабаттуулукту, медиа сабаттуулукту жана “жашыл көндүмдөрдү” илгерлетүүгө багытталган. Анын максаты окуучуларды келечектеги турмушка натыйжалуу даярдоого жардам берүү болуп саналат.

7 млн евро өлчөмүндөгү транш 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн 27 млн евронун алкагындагы экинчи төлөм болуп саналат.

Өз кезегинде финансы министринин орун басары Руслан Татиков КР Финансы министрлигинин атынан Европа Биримдигине стратегиялык өнөктөштүгү жана бюджеттик колдоо программасы боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий