Евробиримдик Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону кеңейтүүсү мүмкүн - Эрлан Абдылдаев

Саясат 0

Брюссель, 16-февраль /Кабар/. Европа биримдиги Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоосун кеңейтүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга иш сапарынын алгачкы күнүнүн жыйынтыгы боюнча журналисттерге билдирди.

ТИМ башчысы бүгүн Кыргызстандын Президенти Европа биримдиги институтунун жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи.

“Алмазбек Атамбаев Евробиримдиктин тышкы иштер, саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлу Федерика Могерини, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий өз ара аракеттер, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерине токтолушту. Бул сүйлөшүүлөр жакшы маанайда өттү. Бардык жолугушууларда Евробиримдиктин өкүлдөрү Кыргызстандын демократия жолундагы жыйынтыктарын жана алдыга жылууларын жогору баалашты. Ошондой эле, Кыргызстанда өткөн шайлоолорго жана референдумга жогорку баа берилди. Биз өзүбүз тараптан тиешелүү түшүндүрмөлөрдү бердик жана алар дагы позитивдүү баага арзыды. Д.Туск: “Президент Алмазбек Атамбаев Борбор Азиядагы уникалдуу демократиянын архитектору болуп саналат. Президент – демократиянын кепилдиги”,- деп белгиледи. Ага Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда демократиянын гаранты болуп эл эсептелет деп жооп берди”,-деди Эрлан Абдылдаев.

ТИМ башчысы Ж.К.Юнкер менен жолугушууда ЕБ менен КРнын ортосундагы өз ара мамилелер мындан дагы күчөтүлөрү белгиленгенин билдирди.

“Саясий колдоо көрсөтүлөт жана инвестиция тартуу жолу менен соода-экономикалык өз ара аракеттер кеңейтилет. Ошондой эле, ал көп жылдык долбоордун алкагында Кыргызстанга гранттык колдоо көрсөтүлөрү тууралуу дагы айтты. Ар түрдүү долбоорлорго 2014-жылдан 2020-жылга чейин Евробиримдик тарабынан 184 млн евро бөлүнөт. Бүгүнкү жолугушууда ушундай колдоолор көбөйтүлөрү тууралуу белгиленди”,-деди ал.

Э.Абдылдаев бүгүн 2 документке кол коюлду, биринчиси сот реформасын улантууга байланыштуу,ага 13 млн евро бөлүнөт деп белгиледи.

“Экинчиси, 10 млн евро суммасында өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталат. Сынамык катары Жалал-Абад облусу тандалып алынды. Негизги каражат элди таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга кетет. Президент бул долбоорду бардык аймактарда ишке ашырууну сунуштады, европа тарап буга макул болду”,-деди ТИМ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий