• 89.43
  • 97.22
  • 0.97

Европа биримдигинин саммити октябрга жылдырылды

Дүйнө 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Европа биримдигинин (ЕБ) 24-25-сентябрга белгиленген саммити 1-2-октябрга жылдырылганын билдирди.

Бул Мишелдин убактылуу карантинге алынганына байланыштуу —ал жакында коопсуздук кызматынын коронавирус жуктуруп алган өкүлү менен сүйлөшкөнү аныкталган.

Европа кеңешинин өкүлү Баренд Лейтц «Твиттердеги» баракчасына Шарль Мишель бир канча убакыт карантинде болушу керектигин жазды. Анын айтымында, кеңештин башчысы тез-тез тесттен өтүп жатат, дүйшөмбү күнү тапшырган акыркы анализи таза чыккан. Бирок Бельгиядагы эпидемиологиялык эрежелер боюнча ал карантинде болушу керек.

ЕБдин кезектеги саммитинде Брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдөн тартып климаттын өзгөрүшү, Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндөгү суутек кендерин издөөгө байланыштуу Түркия менен Грекиянын ортосундагы чыңалууга чейинки маселелерди кароо пландалган. Мындан тышкары саммиттин күн тартибинде Беларус лидери Александр Лукашенкого каршы санкцияларды карап, кабыл алуу маселеси да бар.

Пикир

Оставить комментарий