• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Европа биримдигинин жогорку өкүлү Жозеп Боррель Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 2-августта Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү - Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель Кыргызстанга келди.

КР ТИМден билдиришкендей, Жозеп Боррелдин сапарынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жана Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуулар пландаштырылган.

Ошондой эле Европа биримдигинин жогорку өкүлүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий