Европа кеңешинин төрагасы Борбор Азияны кыдырат

Дүйнө 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск 29-майда Тажикстанга келет.

Эмомали Рахмон менен жолугушуудан кийин ал Нур-Султанга сапар алат.

31-майда Дональд Туск Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугары пландалган.

31-майда Туск Өзбекстанга келип, аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен кездешет.

Тараптар Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын жаңы стратегиясын, аймактык жана эки тараптуу кызматташууларды, климаттын өзгөрүшүн, айлана-чөйрөнү коргоо, чек ара жана коопсуздук маселелерин талкуулашат.

Европа кеңешинин президенти Дональд Турсктун Борбор Азиядагы сапары 2-июнда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий