• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Таза суу маселеси: Европа өнүктүрүү банкы КРга $129 млн бөлүүнү карап жатат

Президент 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанда калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоорлору үчүн 129 млн доллардан ашуун каражат бөлүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу аталган банктын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда айтты.

Жээнбеков өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ЕРӨБгө ыраазычылык билдирди.

Нил Маккейн мамлекет башчысына Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууда жана банктын ишмердигине көрсөткөн жеке колдоосуна ыраазычылыгын айтты.

Нил Маккейн 2019-жылы Кыргызстанда ирригация тармагын өнүктүрүү жана аймактарда, шаарларда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча бир катар жаңы долбоорлорду ишке киргизүү боюнча ЕРӨБдүн пландары тууралуу маалымат берди. Анын ичинде бул инфраструктуралык долбоорлорго 129 млн доллардан ашуун каражат бөлүү болжолдонууда.

Жээнбеков ЕРӨБ менен болгон бардык биргелешкен долбоорлор өлкөнүн экономикасынын мындан аркы өнүгүшү, аймактарда жумуш орундарын түзүү, калктын турмушун жакшыртуу үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий