Европалык пробация конфедерациясы Кыргызстан менен тажрыйба алмашуу боюнча эффективдүү иштерди жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. / Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Европалык пробация конфедерациясы Кыргызстан менен тажрыйба алмашуу үчүн эффективдүү иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу Европалык пробация конфедерациясынын башкы катчысы Яна Сперо Бишкекте өтүп жаткан пробация боюнча эл аралык форумда билдирди.

“Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Биздин конфедерация 1981-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө көп өлкөлөрдө иш алып барат. Эми биз кол койгон меморандумдан кийин тажрыйба жана маалымат алмашуу боюнча эффективдүү иштерди жүргүзүү үчүн күч-аракеттерди жумшайбыз деп ишенем. Сиздердин пробация системаңыздарга ийгилик каалайм. Пробация кызматынын ишинин маанилүүлүгүн белгилөө менен биздин конфедерацияга кош келиниздер”, - деди Яна Сперо.

Ошондой эле форумда Европа биримдигинин Кыргызстандагы кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер Кыргызстандын пробация кызматы аз убакыт ичинде эле жакшы жетишкендиктерге жетише алгандыгын белгилеп, укук коргоо багытындагы санариптештирүү иштерин колдой тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий