• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Facebook колдонуучуларынын саны эки миллиардга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Facebook социалдык түйүнүнүн активдүү колдонуучуларынын саны эки миллиардга жетти. Бул тууралуу 27-июнда компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди.

"Баарын кошуу үчүн дагы узак жол басып өтүшүбүз керек. Бирок кошуп эле койбой, адамдардын бири-бирине жакын болушун камсыздашыбыз зарыл”,– деп жазды Цукерберг.

2012-жылы октябрда, компаниянын негизделгенине сегиз жыл болгондон кийин Facebook түйүнүнүн колдонуучуларынын саны бир миллиардды түзгөн. Компания экинчи миллиардды беш жылга жетпеген мөөнөттө камсыздады.

Facebook – дүйнөдөгү ири жана таасирдүү социалдык түйүн. Компаниянын капиталы $433,5 млрд долларды түзөт. Компанияда 18770 киши иштейт, орто эсеп менен бир күндө социалдык түйүнгө 1,28 млрд киши кирет. Ошол эле маалда алардын 85,8%АКШ менен Канададан башка жактарда жашашат.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий