• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Facebook жана Instagram иштебей калышы глобалдык мүчүлүштүк катары сыпатталды

Дүйнө 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. 5-мартта Facebook, Messenger, Instagram сыяктуу ири социалдык түйүндөрдүн иши үзгүлтүккө учурап, көптөгөн колдонуучулар аталган платформаларга бир нече убакыт кире алышкан эмес.

Мындай мүчүлүштүктөр дүйнө жүзүнүн бир катар өлкөлөрүндө орун алган. Көйгөй глобалдык маанидеги үзгүлтүккө учуроо катары сыпатталды.

Facebook, Messenger, Instagram тиркемелерине кыргызстандык колдонуучулар да бир нече убакыт кире алышкан эмес. Аталган тиркемелер Meta компаниясына таандык. Компаниянын байланыш бөлүмүнүн башчысы Энди Стоун көйгөй бар экенин моюндап, калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, аталган тиркемедеги глобалдык мүчүлүштүктөр 2021-жылдын октябрында да катталган. Анда Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг 6 миллиард 600 миллион кирешесинен кол жууган болчу.

Пикир

Оставить комментарий