Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Же эмне үчүн 6 жылдан кийин кайра козголгон талаштар «Ата Мекендин» өлкөнүн саясый турмушуна кезектеги коога жагуу аракети жана кадыресе саясый чагымы катары көрүнөт.
Соңку кезде мындан 6 жыл мурда Жогорку Кеӊеште талкууланган өлкө Президентин шайлоо күнүнүн маселеси кайрадан көтөрүлүүдө.
2011-жылы конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен ал маселеге чекит коюлган. Анда Жогорку Кеңеш президенттик шайлоолор «Президент шайланган мөөнөттө анын ыйгарым укуктары бүткөн жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт» (48-берененин 1-бөлүгү) деп так жазган. Бул мыйзам депутаттар тобу (алардын ичинде «Ата Мекендин» лидери Текебаев Ө.Ч. да болгон) тарабынан демилгеленип, ошол кездеги КР Президенти Отунбаева Р.И. тарабынан кол коюлган.
Өлкөнүн Негизги мыйзамы тарабынан кабыл алуусу каралган бул конституциялык мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш Президенттик шайлоолорду 2017-жылдын 19-ноябрына дайындоого милдеттүү.
Ошол эле кезде Президент Алмазбек Атамбаев конституциялык мыйзамга оӊдоолорду кабыл алуу, демек, шайлоолордун жаңы мөөнөтүн мыйзамдык аныктоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бир нече жолу билдирген. СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов тарабынан оңдоо киргизип, шайлоолорду «октябрдын үчүнчү жекшембисине», башкача айтканда, азыркы мыйзамда белгилегенге караганда бир ай мурда дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңешке расмий сунуш киргизилгени белгилүү. Көптөгөн саясатчылар менен эксперттердин пикири боюнча, ушул күн кыйла ылайыктуу көрүнөт.
Кыргызстанда шайлоо системасынын реформасынын демилгечиси жана таза шайлоолордун кепилдиги катары Президент А.Атамбаев болуп келатканы жалпыга белгилүү. Элибиз дал Президенттен таза шайлоолордун кепилдигин күтөт жана эл ичинде шайлоо процессиндеги оң өзгөрүүлөрдү анын атына байланыштырышат. Ошондуктан Президент дайыма бул маселени өлкө Өкмөтүнүн, Боршайкомдун жана башка мамлекеттик органдардын алдына коюп келатат.
Жогорудагы оӊдоолор Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынса гана шайлоолор күнүн өзгөртүү жана ага жараша тапшырмалар берүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Бирок азырынча аракеттеги мыйзам өз күчүндө, Президент жана бардык мамлекеттик органдар аны жетекчиликке алышат. Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинде: «Президентти шайлоолор тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат» деп жазылган.
Кайра козголгон талаштар тууралу болсо бул кадимки эле саясый чайкоочулук жана чагым деп айтар элем. И. Өмүркулов тарабынан киргизилген шайлоо күнүн өзгөртүүлөр тууралу сунушту эске алганда.
Биринчиден, аракеттеги конституциялык мыйзамды кабыл алууну демилгелегендердин бири Ө.Текебаев болгонун кайталайм. Башкача айтканда, 19-ноябрь күнүн белгилегендердин башында «Ата Мекендин» лидери турат!
Экинчиден, «Ата Мекен» фракциясына конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү мурда эле киргизишине ким тоскоолдук кылды?! Эч ким!
Үчүнчүдөн, 2010-жылдагы Конституциянын долбоорун Убактылуу өкмөттөн иштеп чыгуучуну жана “жооптууну” киргизүү менен «Ата Мекендин» депутаттары Кыргызстандын саясый турмушуна коога жаккысы келип жаткан сыягы бардай. Көнүмүш адаттары боюнча. Алардан башка пайдалуу нерсени жарандарыбыз укпай да калды көрүнөт.
Төртүнчүдөн, президент же парламент шайланган мөөнөттү аныктоого келсек, көп өлкөлөрдүн мыйзамдары аракеттеги президенттердин же депутаттардын ыйгарым укуктарын алардан кийин жаңы шайлангандар кызматка киргенге чейин сакталышына жол берет. Ар бир өлкөдө ар башка учурларда. Мисалы, Россияда конституция президентти 6 жылга шайлоо мөөнөтүн аныктаган, бирок шайлоолор өтпөй калган учурда федералдык мыйзам жаңы шайланган президент ант алганга чейин аракеттеги президент тарабынан өз ыйгарым укуктарын аткарууну улантууну карайт.
Кыргыз Республика Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү
Пикир
Оставить комментарий