Февралдагы "кооз" датада Кыргызстанда 9 түгөй баш кошту

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда Кыргызстанда 9 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "кооз дата, бактылуу сан - ийгиликтин белгиси" - бул ишеним менен көптөгөн жубайлар никени каттоо үчүн "кооз" күндөрдү тандашат. Эң кооз даталардын бири "күзгү" деп эсептелет, бул жылы - 22.02.2022. Ошондой эле учурдагы ай үчүн 02/02/2022 жана 02/14/2022 - Валентин күнү сыяктуу даталар бар.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күнгө – 02.02.2022 -жылга карата республика боюнча болгону 9 түгөй арыз берген.

2022-жылдын 22-февралында өлкө боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ЗАГС бөлүмдөрүндө 95 түгөй никени каттайт.

Валентин күнү, 14.02.2022 , андан да көп түгөйлөр баш кошууну пландаштырууда, башкача айтканда, 177 арыз түшкөн.

СӨМ эске салгандай, эгер сиз никеңизди “кооз датага” каттатууну кааласаңыз, алдын ала ЗАГСПРН бөлүмдөрүнө кайрылыңыз. КР мыйзамдарына ылайык, никеге турууга 30 күн калганга чейин арыз жазсаңыз болот. Мыйзам ошондой эле жаш жубайлардын жашаган жерине карабастан каалаган ЗАГС органдарында никеге турууга уруксат берет. Кошумчалай кетсек, азыр бардык КБКларда катталып, нике күбөлүгүн алууга болот.

Өлкөдө ЗАГСПРНдин 53 бөлүмү жана борбордо бир үйлөнүү үлпөт сарайы бар.

Пикир

Оставить комментарий