Бишкек, 08.02.19. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңыланган рейтингинде 95-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.
ФИФАнын кечээ, 7-февралда жарыялаган рейтингине ылайык, Кыргызстан 4 орунга ылдыйлап, 95-орунду алган.
Рейтингди түзүүдө Кыргызстандын Азия Кубогуна даярдануу алдындагы жана мелдештеги оюндарынын жыйынтыгы эсепке алынган. Анда Кыргызстан жалпы 7 беттеш өткөргөн. Анын алтоо расмий болуп, тизме түзүүдө эсептелген. Ал оюндардын экөөсүндө Кыргызстан жеңсе, калган төрт оюнда жеңилип калган.
Ал эми Азия Кубогунда Кыргызстан менен бир тайпада ойногон Кытай 4 орунга (72), Түштүк Корея 15 сапка (38) жогоруласа, Филиппин 7 сапка ылдый түшкөн (123).
Ал эми Азия Кубогун жеңген Катар курамасы 38 орунга өйдө кетип, 55-орунду ээлеген.
Пикир
Оставить комментарий