• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстандын курамасы бир тепкичке төмөндөдү

Спорт 0

Бишкек, 29.11.18 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыртылган рейтингинде бир баскычка ылдыйлап, 91-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын акыркы беттешинде Япония курамасына 0:4 эсебинде утулуп калганы бул рейтинге таасирин тийгизген.

Ал эми 2019-жылдагы Азия Кубогунда биздин курамага атаандаш болчу Түштүк Корея 53-орун, Кытай 76-орун, Филиппин 114-орунду ээлешкен.

Рейтинг боюнча 8 баскычка жогорулаган Судандын курамасы (127-орун) жакшы көрсөткүчкө жетишкен. Рейтингде 7 тепкичке төмөндөгөн Россия (48-орун) менен Бениндин (94-орун) курамалары начар көрсөткүчкө ээ болгон.

Тизмеде алгачкы беш орун өзгөрүүсүз калып, сап башында Бельгия, Франция, Бразилия, Хорватия жана Англия турат.

Пикир

Оставить комментарий