• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Финансы министри Баткенде жол жана соцобъектерди куруу иштери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев иш сапарынын алкагында Баткен облусунда курулуп жаткан бир катар объектилерди кыдырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр каржы ресурстарын өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жолдордун жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышып, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн, калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн социалдык объектилердин курулушун көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бакетаев белгилегендей, аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана мектеп, оорукана, маданият үйлөрү сыяктуу социалдык объектилерди курууга көңүл буруу зарыл.

Белгиленгендей, министр курулуп жаткан имараттарды текшерүүдө тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына объектилердин курулушунун сметасын карап чыгууну жана социалдык объектилер боюнча отчетторду үзгүлтүксүз берип турууну тапшырды, бул облуста долбоорлорду ишке ашырууга багытталган финансылык каражаттардын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылат.

Финансы министри ошондой эле Ош - Баткен - Раззаков жолун капиталдык оңдоонун жүрүшүн текшерди. Ал долбоордун учурдагы абалы менен таанышып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө баа берип, бул инфраструктуралык долбоорду тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгүн билдирди.

"Баткен облусу өкмөттүн капиталдык курулуш тармагындагы көзөмөлүн жана аракеттерин эске алуу менен өзүнүн социалдык-экономикалык потенциалын ийгиликтүү ишке ашырып, өлкөнүн ар тараптан гүлдөп-өсүшүнө салым кошо алат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий