• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Финансы министрлиги: 2024-жылы энергетика тармагына эки эсе көп каражат бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. 2024-жылы энергетика тармагына эки эсе көп каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетика тармагын жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн 2024-жылга 2023-жылга бөлүнгөн каражатка (33,2 млрд сом) салыштырмалуу 40,7 млрд сомго көбөйүү менен 74,0 млрд сом өлчөмүндө каражат каралды.

Алар:

- "Электр станциялары" ААК жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө - 55,8 млрд сом;
- күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүгө - 7 млрд сом өлчөмүндө;
- бюджеттик кредиттерди бөлүүгө - 2,7 млрд сом;
- мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында 8,1 млрд сом суммасында, ошондой эле башка иш-чараларды ишке ашырууга каражат каралган.

Пикир

Оставить комментарий