• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Финансы министрлиги: Дээрлик 10 миң ишкерге 6,6 млрд сомго пайызсыз насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. “Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 9 миң 715 ишкерге 6 млрд 671 млн 898 миң 917 сомго пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишкерлерге насыялар 2 категория боюнча берилген. Биринчи категориядагылар 1 млн сомго чейин, экинчи категориядагылар 3 млн сомго чейин алган.

- 1-категория: 8 миң 478 ишкерге 4 млрд 816 млн 019 миң 917 сом;
- 2-категория: 1214 ишкерге 1 млрд 855 млн 879 миң сом берилген.

Министрликтен белгилешкендей, аталган долбоор Кыргызстандын аймагында 2027-жылдын июль айына чейин ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий