• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Финансы министрлиги: Ишкерлерге 7,2 млрд сом пайызсыз насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 10 миң 750 ишкерге пайызсыз насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, пайызсыз насыянын жалпы суммасы 7 млрд 789 млн 606 миң 916 сомду түздү. Анын ичинен:

  • 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 206 ишкерге 5 млрд 380 млн 660 миң 916 сом каржыланды;
  • 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 544 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 409 млн 946 миң сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий