Финансы министрлиги: Токойлорду коргоого жана көчөт тигүүгө 49,8 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын 31-августуна карата токойлорду коргоо, көчөттөрдү тигүүгө жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды каржылоого 49,8 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, жалпысынан көчөт отургузуу, себүү, багуу жана башка иштерге 90,8 млн сом каралган.

Анын ичинде:

  • токой чарба иштерине 68,3 млн сом;
  • өрткө каршы иштерге 19,2 млн сом;
  • Токойлорду коргоо иштерине 3,3 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий