Финансы министрлигинин 100 жылдыгы. Мамлекеттик сыйлык, наам жана Ардак грамоталар тапшырылды

Президент 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Финансы министрлигинин 100 жылдыгын майрамдоого байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чара өлкөнүн Финансы министрлигинин тарыхына арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, финансы жана экономика тармагындагы адистерди, ошондой эле республиканын каржылык туруктуулугун бекемдөөгө салмактуу салым кошкон ардагерлерди куттуктады.

Ал белгилегендей, жалпысынан финансы системасы өлкөнүн өнүгүүсүн аныктоочу негизги критерий болуп саналат. Кылым карыткан тарыхында жарык менен караңгы жанаша жүргөн турмуштагыдай эле Финансы министрлигинин жетишкендиктери да, жоготуулары да болду. Министрлик биздин коомдук турмушубузда негизги ролду ойноп, экономиканын бардык тармактарын туруктуу өнүктүрүүгө, социалдык программаларды ишке ашырууга жана өлкө жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга салым кошкон.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын мамлекеттин маанилүү тармактарынын бирине айланган каржы системасында маанилүү роль ойногон белгилүү мамлекеттик ишмерлерди да белгилеп өттү.

Андан кийин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгын майрамдоого байланыштуу:

III даражадагы “Манас” ордени менен:

  • Абдувапов Алтынбек Каныбекович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
  • Бакетаев Алмаз Кушбекович – финансы министри;
  • Исабеков Самат Сатарович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы сыйланды;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” деген ардак наам ыйгарылды:

  • Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичке – Финансы министрлигинин капиталдык салымдар башкармалыгынын начальниги;
  • Султанова Лимакан Осмонкуловнага – Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын чыгымдар бөлүмүнүн башчысы;
  • Султанкулов Рустамбек Уманбековичке – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүлөр башкармалыгынын салыктык текшерүүлөрдү контролдоо бөлүмүнүн начальниги;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” деген ардак наам:

  • Календеров Улугбек Ибраимовичке – финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

  • Жаныбекова Розыгүл Акушевна – Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин талдоо секторунун башкы адиси;
  • Жаланова Максуда Кайымовна – Финансы министрлигинин Ноокат финансы башкармалыгынын финансы-бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Кыдыргычов Исламбек Намызбекович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
  • Мамбетова Эркингүл Абакировна – Финансы министрлигинин Ак-Суу финансы башкармалыгынын казына бөлүмүнүн башчысы;
  • Мамбеталиева Рая Молдалиевна – Финансы министрлигинин Аламүдүн финансы башкармалыгынын финансы-бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Ниязалиев Медербек Мукамиевич – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын эркин экономикалык зоналарынын субъектилерин контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги.

Мндан тышкары «бажы кызматынын генерал-майору» деген жогорку атайын наам ыйгарылды:

  • Кимсанов Улан Ашимовичке - Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
  • Мамбетжунушова Элнура Рыскелдиевнага - Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий