Финансы министрлигинин Мамлекеттик өнүктүрүү банкындагы үлүшү көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргыз фондулук биржасы "КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКтын баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

Анын маалыматына караганда, 31-майда Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын акциялары 1 млн 400 миң нускада жалпы суммасы 1 млрд 400 млн сом өлчөмүндө кошумча алтынчы чыгарылышта жайгаштырылды.

Ошентип, акционер - Финансы министрлигинин үлүшү 16 млрд 800 млн сондон 18 млрд 200 млн сомго (акциялардын саны 18,2 млн нуска) чейин көбөйдү. Капиталдагы үлүш 100%.

Пикир

Оставить комментарий