Финансылык технологиялар. Интернет-банкингдин өнүгүшү кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

Экономика 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын адистери банк тармагындагы инновациялар тууралуу айтып беришти.

Финансылык технологиялар деген эмне?

Заманбап финансылык технологиялар боюнча «финтех» термини инновациялык технологияларды колдонуу менен финансылык кызмат көрсөтүүнү билдирет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул программалык камсыздоо, тиркемелер, бизнес-моделдер жана башка инновациялар, алар акчаны колдонуу жолдорун жеңилдетет, тездетет жана ишенимдүү кылат.

Азыркы учурда дүйнө жүзүндө актуалдуу болуп жаткан алдыңкы финансылык технологиялар тууралуу айтып берсеңиз?

Бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк экономика, айрыкча, адамдар менен компаниялардын ортосундагы байланышка келгенде, абдан тез өзгөрүүдө. Трансформациялардын пайдубалы болуп бардык экономикалык процесстерге кирген маалыматтык, технологиялык өнүгүү жана аларды санариптештирүү эсептелет. Ошентип, глобалдуу мүнөзгө ээ жана туруктуу динамикалык өнүгүү касиетине ээ болгон экономикалык мамилелердин жаңы түрү – санариптик экономика калыптанууда.

Заманбап финтех ар кандай финансылык операцияларды билдирет, мисалы, адатта, жеке адам катышпастан эле, аралыктан акча которуу, смартфонго чек жөнөтүү, кредитке арыз берүү, төлөө же инвестицияларды тескөө.

Финансылык технологиялар чөйрөсүндө инновациялардын эң активдүү багыттарынын негизгилери төмөнкүлөр:

  • байланышсыз төлөмдөр;
  • дароо которуулар жана төлөмдөр;
  • аралыктан финансылык кызматтар;
  • ачык API;
  • борбордук банктардын санарип валютасы;
  • блокчейн технологиясы;
  • Smart-контракттар;
  • жасалма интеллект.

Улуттук банк финтех долбоорлорун өнүктүрүүгө кандай көңүл бурат?

Бул, биз азыр көп көңүл буруп жаткан долбоорлордун тобу. Чындыгында, бул биз үчүн жакынкы 3 жыл аралыгында артыкчылыктуу болуп саналат. Улуттук банктын финансылык технологияларды өнүктүрүү жана накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү жагында ишке ашырылып жаткан дээрлик бардык долбоорлору рынок менен биргеликте ишке ашырылып жатат. Мисалы, азыр «ЭЛКАРТ» улуттук төлөм системасы активдүү өнүгүп жатат, анда байланышсыз төлөм инструменттери, байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүү кызматтары, ошондой эле «Элкарт Мобайл», «Элкарт Трейд» мобилдик тиркемелери менен ишке ашырылат.

Ошондой эле негизги жетишкендиктердин бири – улуттук стандарттын QR-кодун пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын өнүктүрүү.

Банк секторундагы инновациялык потенциалды жогорулатуу, Кыргыз Республикасында ачык банкингди ишке киргизүү ыкмасын жана кадамдарын аныктоо, ошондой эле банктык операцияларды сунуштоодо жана төлөм кызматтарын көрсөтүүдө маалыматты корголгон жана коопсуз түрдө пайдаланууну, ошондой эле маалымат алмашууну камсыз кылуу максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан Кыргыз Республикасында ачык банкингди өнүктүрүү концепциясы бекитилген. Бул Концепцияны ишке ашыруу үчүн Улуттук банктын, мамлекеттик органдардын, банк жана төлөм секторлорунун өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Бүгүнкү күндө рыноктун катышуучулары үчүн кайсы финтех-долбоорлор эң келечектүү болуп саналат?

Албетте, финансы технологиялары азыркы күндө негизги ролду ойнойт жана интернет-банкинг финтехтин негизги компоненти катары барган сайын кеңири жайылып бара жатат. Интернет-банкингдин өнүгүшү керектөөчүлөр үчүн дагы, финансы институттары үчүн дагы көптөгөн артыкчылыктарды алып келди.

Интернет-банкинг деген эмне?

Интернет-банкинг – бул интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар, каалаган жерден, жуманын каалаган күнү, күнү-түнү интернет аркылуу банк кызматтарын сунуштоо мүмкүнчүлүгү. Турмуш-тиричилик түшүнүгүндө интернет-банкинг - бул кардардын банкка келбестен, аралыктан банктык операцияларды жүргүзүүсү.

Аралыктан банктык тейлөөнүн заманбап формалары маалыматтык-коммуникациялык, ошондой эле мобилдик технологиялардын жайылышы менен өнүгө баштады.

«Интернет-банкинг» түшүнүгү персоналдык компьютердин же процессору бар башка түзүлүштүн (планшет, смартфон) жардамы менен банк кардарларына эсептерден жана банктык продуктулар жана кызматтар жөнүндө жалпы маалыматты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген системаларды билдирет. Натыйжада, «интернет-банк» аркылуу алынган продукттар жана кызматтар банктын башка жеткирүү каналдары аркылуу берилген продукттар жана кызматтар сыяктуу эле болот.

Эгерде карталар менен транзакциялар жөнүндө айта турган болсок, анда интернет-банкингдин жардамы менен карталарды пайдалануу шарттары, жүргүзүлгөн транзакциялар жана эсептеги калдыктар боюнча көчүрмөлөр жөнүндө маалымат алууга, башка эсептерге жана башка банктарга акча которууга, ар кандай коммуналдык кызматтарга ж. б. төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.

Интернет-банкинг кредит боюнча операцияларды жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү карап чыгуу үчүн ыңгайлуу:

  • кредит боюнча карыз;
  • негизги карызды жана пайыздарды төлөө мөөнөтү жана суммасы;
  • кредит боюнча чегерилген пайыздардын суммасы, пайыздык чен жана анын өлчөмү жөнүндө маалымат;
  • көрсөтүлгөн мезгил ичинде кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн таржымалы.

Мындан тышкары, интернет-банкинг аманаттар жана эсептер менен операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, мисалга: эсептер боюнча аманаттар жана калдыктар боюнча маалыматтарды, эсептер жана аманаттар боюнча пайыздык чендердин өлчөмү, келишимдин ачылган жана аяктаган датасы ж. б.

Интернет-банкинг кандай ыңгайлуулуктарды жана артыкчылыктарды сунуштайт?

Баарынан маанилүүсү, онлайн банкинг ыңгайлуулукту жана жеткиликтүүлүктү сунуштайт. Кардарлар өз аккаунттарына каалаган убакта жана интернет байланышы бар жерде кире алышат. Алар мындан ары банктын иштөө убактысына же филиалдардын жайгашкан жерине байланыштуу эмес. Бул өзгөчө активдүү жашоо образын алып жүргөн же алыскы аймактарда жашагандар үчүн ыңгайлуу.

Дагы бир маанилүү артыкчылыгы - убакытты үнөмдөө. Онлайн-банкингдин жардамы менен кардарлар үйүндө же кеңсесинде туруп эле, өз эсептеринин ортосунда акча которо алышат, эсептерди төлөй алышат жана башка финансылык операцияларды аткара алышат. Бул банкка баруу же кезек күтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, онлайн банкинг финансылык операциялардын коопсуздугун жакшыртууга жардам берет. Заманбап шифрлөө системалары жана эки фактордук аутентификация онлайн транзакцияларды болуп көрбөгөндөй коопсуз кылат. Банктар кардарларынын жеке маалыматтарын киберкылмышкерлерден коргоо үчүн тынымсыз жаңы технологияларды жана коопсуздук чараларын киргизүүдө.

Жалпысынан, интернет-банкингдин өнүгүшү керектөөчүлөр үчүн көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын каражаттарын колдонуусун жеңилдетет. Бирок, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди болтурбоо үчүн коопсуздукту эстеп, онлайн операцияларды этияттык менен жүргүзүү маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий